СКУЛЬПТУРАЛЫК КОМПОЗИЦИЯНЫ ТУРГУЗУУ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ
№508 27-июль-2-август, 2012-ж
Таластагы Таш-Арык айылындагы Каныкей апанын булагында анын скульптуралык композициясын тургузуу иштери башталды. Бул туурасында Улуттук “Манас-Ордо” комплексинин директору Ормош Чоюнбаев билдирди. Скульптуралык композицияны куруу иштерине жалпысынан 9 285 400 сом бөлүнүүдө. Ормош мырза өз сөзүндө “Манас-Ордо” мемориалдык комплексине келген туристтер жана зыяратчылар анын тазалыгына, кооздугуна, тейлөө маданиятынын жогорулугуна суктанып кайтып жатышканын айтып өттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0