Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Айгерим Расул кызы: «МЕНИ КӨРӨ АЛБАГАН КЫЗДАРДЫ ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗАГА ЧАКЫРАМ»

№509 3-август-9-август, 2012-ж


Өзүн ырчы, актриса жана режиссёр катары сынап жүргөн шоу-бизнестин дагы бир өкүлү Айгерим Расул кызын маекке чакырдык. Көптөн бери сахнада көрүнбөй калган маектешим бул ирет ачылып сүйлөп берди.

– Айгерим, бир кезде атың чыгып, жаштар “дискотека түнкү Бишкекте” деп ырдап калышты эле. Акыркы кезде андай хит ыр укпай калдык...
– Азыр кино тартуу менен алек болуп жүрөм. Ырчылыкты таштаган жокмун. Тескерисинче, мени акыркы убакта тойлорго көп чакырып жатышат. Ошко кино тартканы бардык эле, күнүнө 2-3 тойго чакырылып жатып, акырында операторум “кино тартканы келдикпи же сени тойлорго ырдатканы келдикпи?” деп уруша баштады.

– Ошко барганыңдан пайдаланып, биротоло алып калалы дегендер да четтен чыкса керек?
– Андайлар бар. Бирок мага азырынча эрте. Көп нерсе жасашым керек. Мен эркектей ойлоном да. Ата-энеме жардам берип, бутума тургандан кийин гана турмуш курам.

– Анда болочок жолдошуң бутка туруу керек деп ойлонбой деле койсо болот экен да?
– Жо-ок, ойлонушу керек. Ал да аракетчил, тапкыч, иштерман болушу зарыл.

– Күйөрмандарыңдын кылык-жоруктарын ата-энең жакшы эле түшүнүшөбү?
– Негизи, күйөрмандардын көбү менин жаныма басып келүүгө духу жетпейби, коркобу же тоготпой коёт дейби, айтор, менден алыс өтүшөт. Жаныма келгендер бар. Бирок алар да тартынып араң сүйлөшөт.

– Кино тартып жатасың, актрисалыкка, ырчылыкка да аралаштың. Кандай кыялдарың бар?
– Эң башкысы, бактылуу болсом дейм. Анан кинолорумду тартып алышым керек. Мен тарткан кинону бир адам көрүп жылмайып койсо, ата-энем мен кылган иштер менен сыймыктанса, сүйүүмө жетсем, ошол бакыт. Атымды эмес, өзүмдү чындап сүйсө, ошол да бакыт.

– Атың үчүн сүйгөндөр көп болгон го?
– Кээде өзүмдү же атымды сүйүп жатканын түшүнбөй деле калам. Адамдардын мени тааныбай туруп мен жөнүндө сөз чыгаргандары жакпайт. Сыртымдан көрүп, көптөр бой көтөргөн кыз деп ойлошот. Ким мага кандай мамиле жасаса, мен да ошондой мамиле кылам. Жөнөкөй болсо, мен да жөнөкөймүн. Мага кыйын болгондорго мен андан он эсе кыйын болом.

– Керек кезде “Айгерим, Айгерим” деп, иши бүткөндө артты карап басып кеткен адамдарга жолуккансыңбы?
– Жаңы чыгып жатканда ишенчээк болчумун. Баарын өзүмдөй көрүп, мени бирөө жамандайт деп такыр ойлочу эмесмин. Азыр артымдан сүйлөгөндөргө капа болбойм. Жөн гана ал адам кандай экенин билип калам. Бирок кайра эле ошол адамдын жакшы жагын издей берем.

– "Айгеримди ала качып кетиптир" дегенди угуп калдык эле...
– Негизи, менин дарегиме ушактар көп айтылат. Деги эле ушактар ханышасы болуп кеттим. "Айгерим арабга тийиптир, Расул андан мынча калың алыптыр" деген сыяктуу сөздөр чыга берет.

– Андайларга көнүп калсаң керек?
– Ооба, көнүп калдым. Эки Айгерим жашайт да. Бирөө өзүм, бирөө элдин айткан сөздөрүндөгү Айгерим.

– Сени ачык кийинет деп да көп сындашат...
– Мен кийген кийимди башка ырчы кыздар деле кийип жатышат. Чындыгында, менин боюм, бутум узун. Ошондуктан мен кийген кийимдер көрктүүрөөк көрүнөт. Бул мактаныч эмес, болгонун айтып жатам. Шоу-бизнесте кийимде чек жок. Бир гана турсий, лифчикчен чыкпасаң болду. Башкалар ошону менен деле чыгып жатышпайбы. Мен көп болсо кыска юбка, чыгыш костюмун кием. Негедир башкалар кийсе көрбөйт да, мени эле көрө беришет. Кыргыз улуттук кийимдерин деле көп кием. Аны эч ким сөз кылбайт. Ар бир адамдын өз ою бар. Менин да өз оюм бар. Кийимдеримдин баары өзүмө жагат.

– Көрө алышпайт деп ойлойсуңбу?
– Көрө албайт деп айтпайм. Бирок мага көп асылышат. Эл шоу-бизнестеги кыздардын кимиси кайсы чоңдор менен жүрүп, машина, үй алдырып жатканын да билет. Бирок негедир жаш болсом да өзүм эмгектенип, ата-энеме жардам берип, түз жүргөн мени эле жамандай беришет. Эгерде ушунчалык эле кимдин ким экенин билгилери келишсе, кыргыз шоу-бизнесиндеги кыздарды чогултуп гинекологиялык экспертиза өткөрөлү. Мен андай нерсеге даярмын, макулмун. Биринчилерден болуп катышам. Ким катышпайм десе, ошондо гана кимдин ким экенин биле аласыздар деп ойлойм.

– Шоу-бизнесте атаандаштарың барбы?
– Мен антип ойлобойм. Бирок мен “Шоу-бизнес сулуусу” наамын жеңип алганда атаандаштык бар экенин байкадым. Баары чогулуп турган жакка барып калсам, мени деп калышты. Сүйлөйүн деп жатсам, кыздардын баары эшикке чыгып кетишти. "Ушундай да болот экен да" деп таң калдым. Эгер башка бирөө жеңип алса, мен ошол кызды куттуктап жанында турмакмын. Мени менен курбу болуп жүргөндөр да унчукпай коюшту. Ушунчалык ичи тардык, көрө албастык бар экенин ошондо көрдүм.

– Сени "Расул Маматкуловдун кызы эмес" дегендерге жообуң кандай?
– Бир жолу Казакстандан “сен менин кызымсың” деп бир олигарх келген. Анын Айгерим деген кызы кичинекей кезинде жоголуп кетиптир. Анан дисктерден мени көрүп калып, интернеттен издеп, сураштырып мени таап келип, “алып кетем” деген. Ишенген жокмун. Мен билем да, кимдин кызы экенимди. Мен Расул Маматкуловдун кызымын.

– Өзүңдү сулуумун деп ойлойсуңбу?
– Сулуумун. Көпчүлүк “ички дүйнөсү сулуу болуш керек, сырткы сулуулук маанилүү эмес” дей беришет го. Аларга азыр ким ишенет? Түрү суук бирөө менен ким сүйлөшөт? Азыр жашоо ушундай. Ичи чирип калса да, сырткы турпаты сулуу болгон адамдарды карашат.

– Сөздү спорт тарапка бургум келип жатат. Спортчу мырзалар жагабы?
– Ар бир мырза спортчу болушу керек. Ал эми аялзаты тактадан айырмасы жок болбой, ийилчээк болуу үчүн бийди үйрөнүп алышы керек. Баягыда айылга барганда бир эженин уй саап отурганын көрүп калып, мен да саап көрөйүн дедим. Эртеси колдорум ооруп калыптыр. Ал да спорт экен да. Анан да “эже, сүрөткө тартып коюңузчу” десем, “эл сени менен сүрөткө түшүп жатса, сен уй менен сүрөткө түшөсүңбү?” деп күлдү.

– Кел, кичинекей кездеги сүйүү окуяларыңдан эстейли да, маегибиздин аягына чыгалы...
– Мектепте эркек балдарга окшоп жүрчүмүн. Бир жолу 14-февралда бирөө мага кат жазыптыр. Мен аны сабап салгам. Кийинки жылы 14-февралда мага эч ким кат жазбай калган. Ушул убакка чейин сүйүп көрө элекмин. Бирок сүйүүгө аябай ишенем. Келечекте чоң сүйүүгө кабылгым келет.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



Айгерим Расул кызы: "Мени көрө албаган кыздарды гинекологиялык экспертизага чакырам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(193)
06.08.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mincha maktanchak,intervusyn oto ele falsh
06.08.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Monica, кайсыл жеринде мактаныптыр? 14 февральда эч кимден кат алган эмесмин же уй саадым дегениби? эч бир кымындай жеринде мактаныч жок..озун фальш
07.08.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JANAYA, баары эле жасалма куйормандарым жаныма келе албайт деп ужас сен эмне кудайсынбы,уй менен суротко тушсом деп эже айтты эл сени менен тушсо деп мактанганы ошол да
06.08.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге бизге корсотпой жатаат???
06.08.2012. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим Расул Маматкуловко эле окшош. Тургунаалы менен Турусбек мас болгон жеринде мактанышып "Менин кызым" - деп коюшкан чыгар. Айгерим жаны замандын кызы. Кыргызда макал бар "Ириген ооздон чириген соз чыгат" -деген.
SUPER.KG видео
06.08.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозон кабыл болсун
06.08.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуумун деп эле болгон картаны жайып салган болбойт го. Биздин мамлекет америка эмес да. Ал жакта пулбика чон. Бизде эмне, башын которуп баскандын баары эле корунуп турат. Уят деген нерсе менен да эсептешиш керек... Айгерим. Акылдуу эле кызсын Не болуп баратат билбейм.
06.08.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"ичи чирип калса да сулуу..."
Ичи чириген адам сулууга кирбейт. Кооз кутунун ичинде акыр-чикир болсо, оозу кыңая ачылганда эле тескери бурулуп кете беришет.
06.08.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим Тургуналы Нурматовдун кызы аны не жашырат.
01.09.2012. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vicento, окшошуп да кетет
06.08.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу бирок булда туалетке барат а апетит бузулат ошону эстесем эле
06.08.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Образ медсестры по моему -это перебор,a tak soglasna o vkusah ne spor9t))(cmewno...)
06.08.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок фигурасы оо_о)но фигура мн иш бутпойт..сен таза болсон мен таза болсом анда ким кир дегендей)не болсода ыйманын берсин !
06.08.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кызым аябай мактаныштын кереги жок болчу. Озун кандай адам мактачы эле? Талантына коркуно, базар жок аны АЛЛА бергенда.
06.08.2012. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika super
SUPER.KG видео
06.08.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонуз кабыл болсун Айгерим, эже бирок ак халат кийип алсаныз жакпай кеттиниз....
06.08.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Onorun oco bersin karyndash.
SUPER.KG видео
06.08.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айгерим мен сени коро алам ичим тарыбайт Бирок баары бир сени жаман кором да:))
06.08.2012. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kulkum keldi okup alip. kim ele artisterdi chogultup ginekologiyaga alip barmak ele. anday bolbooruna kozu jetip apirtiptir da... kelbetine,figurana soz jok. karap suktanchu kizsin.
SUPER.KG видео
06.08.2012. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Кыргыз улуттук кийимдерин деле көп кием. Аны эч ким сөз кылбайт» - өзүң билет турбайсыңбы, элдин пикири эмнеден чыгып жаткан жоопту кайра өзүң айтып жатпайсыңбы. Албетте салтту жорук, жосуун кандай кана кыргыз баласына жакпасын. анан кыргыздын түптүүлүгүнө, салттуулугуна такыт жат нерселерди жерип, ар кандай сын пикирлерди айтат да.
Талантыңа таазим Айгерим, талантың менен катар ба
06.08.2012. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарыныздарга кошулам
06.08.2012. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кыз мага жакпайт да бийлей да албайт «МЕНИ КӨРӨ АЛБАГАН КЫЗДАРДЫ ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗАГА ЧАКЫРАМ» ушуну кантип уялбай айттын жаман эле кыз мактанчак! жаман !
07.08.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экспертиза жок эле жок экенин айтса болот.Кантип эле бүтүн болсун.Ай ким билет,ким билет...
07.08.2012. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айгерим ийгилик сага сен аябай аябай татынакай жылдыздуу кызсын кайда журбогун алтын башын аман болсун бир гана алдыга умтула бер артка кайтпа элдер эмне десе дейбир ушактарга капаланба ал ушактар мурунтан айтылып келген жана айтылып келет
07.08.2012. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вахах смешно! детка,по меньше выпедривайся. "Чачым эшикке кыпчылып калат" это че за понты. У меня длиннее волосы чем у тебя, да такого не может быть,сказала бы что нибудь по реальнее. Вобщем не нравиться она мне,бесит она меня! Это просто моё мнение.
07.08.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим албетте сулуу кыз бирок анча-мынча создорундо озун бийик сесип коюптур. Айгеримди да башка кыздарды да бир аллаа жараткан. Озун анчалыл бийик сезиш жакшы эмес
07.08.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Айгеримди керсейе берет деп коп уккам
07.08.2012. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз экенин кыз эмес экенин ал озун учун керек.ар бир инсан озу учун жооб берет.элден жашырган нерсенди инша'аллах Аллахдан жашыра албайсын.капа болбогунго заман озгоргон жок кийим кийгенден сага окшош элдер озгорду.ар бир адамдын озуно жараша кесиби бар бирок кесибим ушул экен деп эле чектен чыкпоого аракет кыл.
07.08.2012. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик. Ичи тарлар, коро албастар суйлой берет, конул бурбай койгонун он.
07.08.2012. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jok bolup ketti ele go.......
07.08.2012. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
it uro beret,kerben juro beret...
07.08.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги экспертизага эч кимдин барбашына козу жетип туруп айтканго. эгер эл барып калса озунун эле абийри тогулмок. мактанчаак кыз тойдо осурат болуп...
07.08.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги таң калам... Жогорудагы жорумдарды окуп отуруп, бир анекдот эсиме түштү: Тозок... Бир нече чоң казан кайнап жатат дейт... Биринчи казанда орустар кайнап жатыптыр, ал казандын башына бир кишини коёт, казандын ичиндегилерди сыртка чыгарбай, улам-улам артка түртүп турганга... Казактар кайнап жаткан казанга эки киши коюшуптур... Кыргыздарга болсо, бир дагы киши коюшпаптыр... Эмнеге? "Ай, кыргыздар өзүлөрү эле бири-биринин бутунан тартк
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: