Бир бүркүм... КЫРГЫЗСТАНДА ДОНОРДУК КАН ТАРТЫШ...
№509 3-август-9-август, 2012-ж
-
Бишкек шаардык соту Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды, демек, депутат мурдагыдай эле камакта калат. Анын адвокаты эми Жогорку Сотко арыз жаза турганын билдирди.
-
Кыргызстанда донордук кан тартыш. Учурда бир күнгө запаста 5 литр гана кан болуп жатканын айтып, Республикалык кан борбору жардам керектиги боюнча элге кайрылуу жасады.
-
“Чек ара аскерлигинде өткөн жылы 12 өлүм катталып, анын ичинен 10у суицид болгон”,- деп билдирет Президенттик аппараттын кызматкери Заирбек Эргешов.
-
ИИМ билдиргендей, 2012-жылдын 6 айында уюшкан кылмыштуу топтун 105 мүчөсү кармалган. Алардын ичинде Көлбаевдин 55, Батукаевдин 4, Абакировдун 17 жана Бокушевдин тобунун 7 мүчөсү бар.
-
Ушул жылдын май айында киргизилген сырттан алынып келинүүчү унга карата бажы төлөмү алынып салынды.
-
Кыргызстанга сырттан жылына 700 тонна балдардын оюнчугу кирсе, анын 600 тоннасы Кытайдан келерин Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирди.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт жасоо бөлүмүнүн башчысы ушул эле кызматтын аймактык бөлүмүндө иштеген адамдан 2000 доллар пара алып жатканда кармалды.
-
Муфтият өткөргөн тендерден утуп, ажылык сапарга баруучу 4500 жүргүнчүнү “КыргызТрансАвиа” авиакомпаниясы тейлемей болду.
-
Быйыл ЖОЖдордо абитуриенттердин саны эки эсеге кыскарганын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0