АЯЛЫНА БЫЧАК САЙЫП...
№510 10-август-16-август, 2012-ж
Үй-бүлөлүк чырдын натыйжасында 37 жаштагы аял бычактан жараат алды. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, 1-августта болжол менен саат 15терде Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине бир нече бычак жаракаттары менен 37 жаштагы борбор калаанын тургуну жеткирилген. Окуя болгон жерге барышкан Свердлов РИИБинин кызматкерлери бул кылмышка жабырлануучунун күйөөсүнүн тийиштиги бар экендигин аныкташкан. Ал уруш-талаш учурунда аялынын төшүнө бир нече ирет бычак сайып, оор жаракаттарды келтирген.
Издөө-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бир нече күндөн кийин Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү 33 жаштагы Ш.Вны кылтакка түшүрүшкөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-2
адам баласы бул жаман иш кудай сактаа деп озун ондош учун азыр уйронушуп коруп алып жаман иштин туурап кобойушту тобоо
бир макал барго АЯЛ ЖАКШЫ БОЛОМ ДЕСЕ ТИЛИНИН КЫСКАСЫ ЖАКШЫ ДЕГЕН андыктан абайлаш керек аякиши тилди европаны туурабагыла биз мусулман кыргызбыз бирок эркектер биз аялдарды моюунга которушубуз керек албетте булда болсо пайгамбарыбыз (С.В.Адан) улгу суннот болот бири бириб