КӨЧӨДӨН ГРАНАТОМЁТ СНАРЯДЫ МЕНЕН ТАБЫЛДЫ
№510 10-август-16-август, 2012-ж
6-августта Бишкек шаарынын тургуну Чүй ОИИБине кол гранатомётун алып келип тапшырган. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, 46 жаштагы жаран 1975-жылы чыккан РПГ-7В танкка каршы кол гранатомётун жана анын снарядын Лебединовка айылынын Калинин көчөсүнүн жанындагы бадалдын арасынан таап алыптыр. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Чүй облустук ИИБи мыйзамсыз сакталып турган куралдарды жана ок-дарыларды өз эрки менен алып келгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгын маалымдайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0