Таланттуу диктор Чынар Капарованын ак өргөөсүнө конокко барганбыз. «Мактангандай болуп калбаймынбы?» деп чочулап жатып үйүн көрсөтүүгө макул болгон диктордун Царское селодо чынында эле мактанарлык үйү бар экен.
– Чынар эже, жайкы эс алууңуз кандай өтүп жатат?
– Абдан жакшы. Жылда эле Ысык-Көлгө бара бербейли деп үй-бүлөм менен Соң-Көлдөн баштап тээ алыскы Дубайга чейин бардык. Соң-Көлдөгү туристтердин көптүгүн айтпа, ат минейин десең кезек жетпейт. Эки айга эмгек өргүүсүнө чыккам.
– Мындай чоң үйдү күтүү оңой эмес болуш керек. Дегеним, дикторлуктан сырткары кошумча бизнесиңиз бар окшойт?
– Жок, үй-бүлөмдү чыгармачылык менен эле багып келатам. «Балдарын жалгыз бой тарбиялап жатат» дегендин ордуна, айрым көрө албастар дароо эле жаман жагын издей башташат экен, «үйдү, машинаны кайдан тапты? Бул көөп жатат» деп. Бир жолу наам алып келатсам, оператор байке алдымдан чыгып куттуктап, сөз айтып калды, «Чынара, наам алганга чейин көрө албастар экөө болсо, эми эки эсе көп болот» деп. Чын эле көрө албастардын арбыганын байкадым.
– Үй кызматчылардын жардамынан пайдаланасызбы?
– Ооба, жардамчыларым бар. Алардын жардамысыз эч нерсеге жетишпей калам.

Лунара Бекиева
star@super.kg
Уул, кызыныздын урматын сыйын корунуз. Теледен жузунуз оркундой берсин!
балдарыныздын убайын корунуз