Бир бүркүм... БЫЙЫЛ ЖАҢЫ 20 МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛЕТ...
№510 10-август-16-август, 2012-ж
- Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдиргендей, быйыл Кыргызстанда жаңы 20 мектеп ишке берилет.
- Мурат Суталиновдун карындашы Гүлзар Суталинова Жогорку Сотко талапкер катары сынактын 3-туруна өттү.
- Ош облусу боюнча 2011-жылдын Рамазан айында битир-садага үчүн 600 миң сомдой акча чогулганын облус казысы Ниязалы ажы Арипов билдирди.
- Ош шаарындагы Сулайман тоого ушул жылдын 6 айында 43 миң турист келип кеткендигин “Сулайман тоо” тарыхый-археологиялык музей-комплексинин директору Абдраим Тургунбаев билдирди.
- “Бишкек шаарындагы жаңы аялдамаларды орнотууга бюджеттен бир да сом кеткен жок”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.
- Өзбекстандын калкынын саны 2012-жылдын 1-июлуна карата 29 миллион 735 миң адамдан ашканын бул өлкөнүн Мамлекеттик статистикалык комитети маалымдады.
- 20-августка чейин автоунаа салыгын төлөбөгөндөргө 2000 сомдон айып салына турганын Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Камалдин Халилов эскертти.
- 7 айда ички дүң продукция 5 пайызга төмөндөгөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады.
- Чыныбай Турсунбеков: "КСДП фракциясы 13-августта өкмөттү кетирүү маселесин карайт",- деп билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0