Эсиңизде болсо, Нарын шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Калысбек Абыкешов АКШда өткөн химия боюнча Эл аралык Олимпиадада 3-орунду алып келгендиги жөнүндө жазганбыз. Убакыт таап, Калысбек менен маек курдук. Калысбек 1994-жылы 6-февралда Панфилов районунун Кайыңды айылында туулган.
– Калыс, жеңишиң кут болсун!
– Рахмат.
– Олимпиадага канча мамлекеттен окуучулар катышты?
– Дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн катышты. Ар бирибиз өз билим деңгээлибизди теориялык жана практикалык турларда көрсөттүк. Практикалык турда жалпысынан 40 балл алыш керек эле, мен 34 балл топтодум. Ал эми теориядан 60 болуш керек эле, андан 38 балл топтодум. Мындай көрсөткүчкө өнүккөн өлкөлөрдөн келген окуучулар жеткен жок.
– Барып келгениңе ким колдоо көргөздү?
– «Себат» билим берүү мекемесинин каржылоосу менен барып келдик.
– Келгенден кийин жогорку жактан куттуктоо, балким, жолугушуулар болгондур?
– Жок, эч нерсе болбоду. Бизге окшогон жаштарга колдоо көргөзүшсө, илим жаатында мыктылар чыкмак. Азыр көбүнчө спортко көп көңүл бурулуп, билим, илимге такыр эле көңүл бурулбай калгандай.
– Кайсы ЖОЖго тапшырдың?
– Түркиядагы ЖОЖго тапшыргам, бирок ал жактын шарттары бар экен. Азырынча чече элекмин, балким, бул жакта калышым мүмкүн. Кайсы бир ЖОЖ “бизге окууга кел” десе, ойлонуп көрөм.
– Калысбек, келечекте дагы көп жеңишти багындыр.
Бирок таарынбаш керек,балким окмот кетет-кетпейт деп атып мындай жакшы кабарды укпай калгандыр.Министр-Министрдин кенешчи-жардамчы-орун басарларына -БАРАКЕЛДЕ.