ӨСПҮРҮМДҮ КҮЧ КОЛДОНУП ЗОРДУКТАГАН
№511 17-август-23-август, 2012-ж
Милицияга Ысык-Ата районуна караштуу айылдардын биринин 44 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 15 жаштагы кызын белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктап, качып кеткендигин маалымдаган. Чүй ОИИБинин 14-августта билдирген маалыматына караганда, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Будёновка айылынын 26 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү делген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө жүрүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
бул адамды турмодо жайлашат го.
бирок,сотторго акча берип статьясын озгортуп коюшкан учурлар аз эмес.