«Чыгыш базары-2012» фестивалына Кыргызстандан «Аппагым», «Соң көл», «Саймачы кыз» аттуу элдик ырларды аткарып жүргөн Азамат Сарыбаев катышууга жолдомо алды. Фестиваль Крымдын Ялта шаарында 6-сентябрдан 10-сентябрга чейин өтмөкчү. Эскерте кетсек, былтыр «Чыгыш базарына» Кыргызстандын атынан Бек Исраилов катышкан. 27 мамлекет катышкан фестивалдын баш байгесине 5000 доллар бөлүнгөн. Эмне демекчибиз, Азамат, намыска жарап, туубузду бийик көтөр.
Элин жерин сени колдойт!
Айрыкча Казарман айылынын тургундары ак-жол каалап жениш менен келеринди кутушот!