Бир бүркүм... 20-АВГУСТ – ДЕМ АЛЫШ...
№511 17-август-23-август, 2012-ж
- Башкы прокуратура ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаев акталбагандыгын, козголгон кылмыш иши тергөөдө экенин билдирди.
-
Ош шаарынын тургундарын шаар башчылыгы таза сууну үнөмдөөгө чакырууда. Бакчаларын таза суу менен сугаргандардан улам көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарына суу чыкпай калып жатат.
-
Бишкектеги көчөлөрдүн бирине Чокан Валихановдун ысымы, ал эми Астанадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылат.
-
АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстанга октябрь айынын аягында келмекчи болду.
-
Кыргызстандык аялдар төрөп, бирок баш тартып койгон 6 наристе Москвадан Кыргызстанга алынып келинди.
-
Вице-спикер Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү» деген аталышта кыймыл түзгөнүн, ал саясий максатта эмес экенин маалымдады.
-
Орозо айт майрамы 19-август, дем алыш күнүнө туура келгендигине байланыштуу 20-август республикабызда дем алыш күнү болуп жарыяланды.
-
Башкы прокурордун машинасын дөңгөлөккө атып токтоткон милициянын 3 кызматкерине кылмыш иши козголду.
-
Өкмөт жарандардын чыгашаларын көзөмөлдөө жөнүндөгү мыйзам долбоорун артка чакыртып алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0