
Белгилүү орус музыкалык каналдарынын бириндеги «Топ-модель по русски» берүүсүнөн Ксения Собчак кеткенден кийин каналдын жетекчилери ордуна дүйнөлүк деңгээлдеги моделдер Наталья Водянова, Ирина Шейк жана Анна Вялицинанын талапкерлигин карап жатышкан. Тараза ташы Ирина Шейктин пайдасына ооп, эми аталган берүүнү модель алпармай болду.
Эске салсак, Ирина Орусиянын Челябинск облусунда жарыкка келген. Моделдик карьерасын 2004-жылы «Супермодель» сынагын жеңгенден кийин баштаган. Бүгүнкү күндө Шейк дүйнөдө эң көп акча төлөнгөн моделдердин тизмесинде. Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун сүйүктүүсү катары белгилүү. Жакында бул сулуунун алпаруучулук дареметин сынап калат экенбиз.