
Лондондогу Олимпиада оюндарында алтын медалды америкалык Серена Уильямска тарттырып жиберген теннисчи Мария Шарапова жеңилүүдөн да чоң трагедияны башынан кечирип жаткан учуру. Анын тарткан ызасы ушунчалык күчтүү болдубу, айтор, 10-ноябрда боло турган үйлөнүү тоюн токтотту. Көпчүлүк Мариянын жеңилүүсүн анын акыркы жылдардагы жарнамалык роликтерге тартылууга алаксыганы менен байланыштырып келишет. Бирок ал спорт анын карьерасында эң башкылардан экенин айтып жүрөт.
2011-жылы Шарапова жарнамалык келишимдерден эле 26 миллион доллар тапкан. Эске салсак, басылмалар маалымдагандай, Мариянын тою 2012-жылдын 10-ноябрында Түркияда өтмөк. Бирок ал Олимпиада оюндарынан кийин
«бул кептер жөн гана ушак» деп билдирди. Тилекке каршы, жакынкы аралыкта Шарапованы үлпөт көйнөкчөн көрбөйт окшойбуз.