Билип ал!
-
Балдардын таянып басуусу үчүн колдонулуучу чыгырык (ходунок) мындан 4 кылым мурун эле пайдаланылчу. Анда бири отургуч сыяктуу болуп, ортосу тешик болсо, экинчиси дөңгөлөк менен иштеген юбка сыяктуу болчу. Бирок балдар ага отурбай, таянып жүрүшчү.
-
Көптөгөн сүт эмүүчү жаныбарлардын балдары, анын ичинде адам баласы да 6-7 айга чейин мурду менен гана дем алат.
-
Жаңы төрөлгөн наристе жашыл жана кызыл өңдөрдү көрө алат. Көк өңдү көрө албайт.
-
Бардык сүт эмүүчүлөрдүн ичинен пилдер жана адамдар гана башы менен тура алышат.
ЖАҢЫЛМАЧТАР
Алты бала алтыкананы аралады,
Алтыкана алты баланы жаралады.
ххх
Эртең аркарлар марчага марчалайт,
Эртең аркарлар марчага марчаласа,
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай,
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?
ххх
Алаңгазардын алаңгазарлыгы
Алаңгазарды алаңгазарлатпадыбы.
Алаңгазардын алаңгазарлыгы
Алаңгазарды алаңдатпадыбы.
ххх
Кырк кызыл куйрук,
Кырк кыл куйрук ичинде,
Ылгый кызыл кырк куйрук.
Кырк кызыл куйрук, кызыл куйрук,
Ичинде кызыл кылдырык кыл куйрук.
5 АЙЫРМА ТАП
Максат Кудайбердиев
balakai@super.kg