ОШТУН 14 БАЛБАНЫ КЫТАЙГА АТТАНАТ
№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
Ош облусу менен Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облустарынын ортосундагы түрдүү багыттагы алакалар боюнча 2011-жылдын февраль айында макулдашууга кол коюлган. Ошол макулдашууга ылайык, Оштун балбандары 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Кызыл-Суу автономиялык облусунун Артуш шаарына кыргыз күрөшү боюнча мелдешке аттанышат.
«Бул мелдештин негизги максаты жеңишке жетүү эмес, боордошторубуз менен болгон биримдикти чыңдоо менен бирге күрөштөгү эрежелер менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу болот»,- дейт Ош шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Шумкар Алимбаев.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0