Шоу-бизнес чөйрөсүндө "Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кыз-жигит" деген кептер тараган. "Ал тургай экөөнүн чогуу жашап, ажырашып, кайра табышып, айтор, махабат айдыңында жетелешип жүрүшкөнүнөн маалыматыбыз бар" дегендер көп. Мындан улам жөн гана кабарлашалы десек, экөө тең телефондорун албай, анан бир маалда алышса болобу! "Экөө тең уйкучубу же?.." деп ойлонуп калдык.
Биринчи Аселге байланышсак, уйкусураган үн менен "биз жөн гана жакын достордонбуз, андай нерсе болгон эмес" дейт. Ал эми Нурланга чалсак, ал да жаңы эле ойгонгонун айтып: "Биз кыз-жигит эмес, жакын доспуз, эл оозунда элек жок да. Дайыма ыр жаздырганда Асел экөөбүз чогуу барып калабыз студияга. Ошол жактан көргөндөр айтып жатышса керек",- дейт. Бирок Аселдин биз билгенден саналуу эле ырлары бар да. Же кайра-кайра үн жаздырып, түрдүү кылып ырдайын дешкенби?... Айтор, экөө "кыз-жигит эмеспиз" деп бизди ишендире алышпады.
Биринчиден, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
Биринчиден, баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
Экинчиден, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге купуя кат жазылып жөнөтүлүшү керек! 30 күнгө бан!