ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВАНЫ КОРКУТУШКАНБЫ?
№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
Элдин арасында көп убакыттан бери экс-генералдык прокурор Эльмурза Сатыбалдиев менен Гүлнур Сатылганованын мамилеси бар деп айтылып келет. Жадакалса акыркы күндөрү Эльмурза мырзанын Гүлнур Сатылгановадан үй доолап жатканы массалык маалымат каражаттарына байма-бай жазылып кетти. Угушубузча, экс-генералдык прокурор ырчы айымга алып берген эки тамын доолап жаткан имиш. Бирок Гүлнур эжебиз “кайтарылбайт” дегенинен айласы кеткен экс-генералдык прокурор ырчы айымга улам СМС жазып коркутуп жаткандыгы жөнүндө күбүр-шыбырларды айтышууда. Мындай кепти уккан Гүлнур эжекебиздин күйөрмандары тынчсызданып «чын-бышыгын билип бересиңерби?» деп редакциябыздын телефонун тындырышпады. Буга жооп алуу үчүн ырчы айымга байланышканыбызда ал: «Бул кептердин бардыгы жалган. Маалымат туура эмес тарап кеткен. Менин жеке жашоомо кийлигишпегиле! Башка эч нерсе айта албайм!»- деп жооп берди. Эжекебиздин жинденгенине караганда, аны эч ким коркуткан эмес окшойт. Андыктан кабатыр болбой эле койсоңуз болчудай, окурман.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Сайтта жеке айтышууларга, бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган, анын абийирине, кадыр- баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!