Бир бүркүм... ӨКМӨТТҮН САЙТЫНА ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ...
№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
- Ош шаарында 28-август күнү Казак Республикасынын консулдугу ачылды.
- Кыргыз өкмөтүнүн расмий сайты www.gov.kg`ге хакердик чабуул жасалып, кайра калыбына келтирилди. Чабуулга тиешеси барларды таап жана жоопко тартуу тууралуу өтүнүч каты УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү.
- УКМК президент Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган кыргызстандык 22 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
- Жогорку Сот УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталиновду кайра эле үй камагында калтырды. Аскер сотунун токтомуна ылайык, териштирүү Суталинов толук айыккан соң гана улантылат. Анын дарылануусу 2013-жылдын июлунда аяктайт.
- Өлкөнүн ар бир облусундагы фермерлерге 80 миллион сомдук 71 трактор 6 пайыз менен 7 жылдык мөөнөткө лизинг түрүндө берилди.
- Сентябрь айында кыргызстандык бир канча компаниялар «Кытай-Евразия-2012» көргөзмөсүнө катышышат.
- Кыргызстан коңшу мамлекеттерге жаратылыш газы үчүн 1 миллион 450 миң доллар карыз экенин «Кыргызгаз» ишканасы билдирди.
- «Wikipedia» дүйнөлүк энциклопедиясында «Манас» эпосу тууралуу 25 тилде макалалар бар экенин аталган сайт өзүнүн маалымат булагына жазып чыкты.
- Баткен облусуна караштуу "Көк-Таш" чек ара заставасынын аскер кызматкери Кутман Мааденбек уулу Төрт-Көл суу сактагычына чөгүп кетти. Мындай көрүнүш акыркы айда Баткен облусунда экинчи жолу кайталанып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0