ЖОГОРКУ НАРЫН ГЭСинин КУРУЛУШУ ТОКТОТУЛДУБУ?
№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
Энергетика жана өнөр жай министрлиги Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу боюнча келишимге кол коюуга тиешелүү бардык иштерге тыюу салды. Министрликтин маалыматына ылайык, келишимге кол коюу жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнгө чейин жылдырылды. Ошол эле учурда ведомство эч кандай кечиктирүү болбой турганын кошумчалап, 15-сентябрга чейин документтердин иши аягына чыгарын айтышат. Учурда Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилгенге чейин документтерге кол коюуга байланыштуу коркунуч жаралууда.
Маалымат үчүн: 15-сентябрга чейин Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС боюнча макулдашууга кол коюлушу керек, ал эми 1-ноябрга дейре курулуштун иштери башталышы шарт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0