Бир бүркүм... ХАЛК, «ЗЕНИТКЕ» КОШ КЕЛДИҢ!
№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
-
31-августта Бишкекте өткөн футбол боюнча КРнын Көз карандысыздык Кубогунда «Дордой» «Алганы» 6:1 эсебинде утуп, чемпион аталды.
-
15-16-сентябрда Бишкекте бильярд сүйүүчүлөрү арасында Ормон хандын Кубогу үчүн беттеш өтөт. Катышууну каалагандар, 0550 28-04-72 номери аркылуу катталсаңыздар болот.
-
31-августта Монакодо футбол боюнча УЕФАнын Суперкубогу үчүн беттеште испаниялык «Атлетико» (УЕФАнын Европасынын Лигасын уткан) лондондук «Челсини» (УЕФАнын ЧЛсын уткан) 4:1 эсебинде утуп алды.
-
Хорватиялык футболчу Лука Модрич «Тоттенхэмден» мадриддик «Реалдын» катарын толуктаса, бразилиялык Халк «Портудан» орусиялык «Зенитке» келип кошулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0