ТЫРМАК БЕКЕМ БОЛУШ ҮЧҮН...
№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
-
Лимондун кабыгын ыргытпастан аны менен тырмакты сүртүп койсоңуз, жылтырак жана жылмакай болот.
-
Картошка бышкан кайнак сууну төгүүгө шашылбаңыз. Бир аз муздаган соң ал сууга 5-10 мүнөт колуңузду жана бутуңузду малып, анан аарчыбастан абада кургатканыңыз оң.
-
Бир чай кашык крахмалды бир чоң чыны жылуу сууга аралаштырып, ага колду малып туруу да тырмакты бекемдете алат. Ушул эле ыкма менен буттун тырмактарына да кам көрүүгө болот.
-
Уктоонун алдында тырмактын боёгун өчүрүп, таза жууп, йод менен сүртүп коюңуз. «Эртең тырмагым сары болуп калат» деп тынчсызданбаңыз. Түндө йод толугу менен тырмакка сиңип, эч кандай сары түс калбайт.
-
Атайын тырмак үчүн медициналык каражаттарды (майлар, витаминдер) да колдонууга болот. Бирок бул учурда косметолог менен кеңешүүнү унутпаңыз.
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
6
Ал жөнүндө да маалымат бергенге аракет кылабыз.