«Жаңы толкун» сынагына катышып, бат эле ысымы калың калкка алынып кеткен ырчы Арсен 3-сентябрда 24 жашка чыкты. Аны куттуктап келген дос, санаалаштарына кошулуп, биз да ырчынын жеке майрамына күбө болдук.
Ырчыны куттуктап сахналаш достору Омар, Иса Өмүркулов, Анжелика, Айбек Замирбек уулу, Ильяз Андаш, Мирбек Атабеков кара көзү Мээрим менен, Максат Бегалиев, «тамашоучулар» жана башка атактуулар жубайлары, сүйгөндөрү менен келишти. Кече алардын оюндагыдай эле өттү. Кальян чегип, агынан, кызылынан алып, ырдап шаңдуу отурушту. Туулган күндүн жүрүшүндө биз ырчыны кепке тартууга жетиштик.
– Маанай кандай, Арсен?
– Эң сонун! Рахмат. Кечээтен бери майрамдап жүрөбүз.
– «Туулган күн карылыкка бир кадам жакын» деп айтышат...
– Мен антип ойлобойм. Мени көбү 26-27 жашта деп ойлошот. 24кө чыкканыма кубансам да болот. Ар нерсе өз убактысы менен да.
– Эсиңде калган туулган күнүң...
– 22 жашка чыкканымда кеченин аягында коноктор мушташып, столдун баары чачылып калган. Бүгүн андай болбойт деп ишенем.
– Сени жандап жүргөн сүйгөн кызың окшойт...
– Жакшы көргөн адамым бар. Бирок азырынча эч нерсе айтпай эле турайын. Өзүңөр деле байкап көрөсүңөр да...

деп сени кут-мын
ийгилик каалайм , мындан да ары оркундой бер.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.