Кенедейинде чоң сахнанын босогосун аттап, Айчүрөк Иманалиеванын колдоосу менен ырдап чыккан Анжелика кыргыз элинин көз алдында чоңойду. Сулуу кызга суктангандар да, көз арткандар да көп болот эмеспи, андыктан бул ырчы кыздын жеке жашоосу дайыма көңүл чордонунда келе жатат. Алгач мектепти аяктай электе турмуш жолуна аттанганы кызуу талкуу жараткан. Азыр ал эки кыздын бактылуу энеси.
Чырайлуу ырчынын артынан ээрчиген кептер ал турмушка чыгып, эне болгонунда эле токтоп калган жок. Устаты Айчүрөк Иманалиева менен чырдашып, ал Чубактын чуусундай көпкө узарып, Анжеликанын үй-бүлөлүк тынчтыгына коркунуч жаралып, акыры “мен сахнаны эмес, үй-бүлөнү тандадым” деп бизге маек берип, ырчылыкты жыйыштырып салган болчу. Ошол маегинде
“күйөөм 5 маал намаз окуйт, мен да ниеттенип жатам” деген. Кийинчерээк уккан-көргөнүбүз боюнча чын эле намаз окуп, атүгүл узун көйнөк-жоолукчан жүрө баштаган.
Ал маектен көп өтпөдү. Үй-бүлөсүндөгү маселелер жай-жайына түштү белем, ырчы кыз сахнага кайтты. Өзгөчө бир ыр менен болбосо да, шоу-бизнес чөйрөсүндө активдешип, ар кандай кечелерге катышып, өзүн алпаруучу катары да сынап көрдү. Ал эми азыр Анжелика дин жолундагы айым эмес, чыгармачылык менен кошо бизнести да жакшы жолго койгон, аны менен катар шоу чөйрөдөгү ар кандай кечелердин көркүн ачкан “светская львица” десек жарашчудай. Өмүрүндөгү мындай өзгөрүүлөр эмнеден улам экенин сурап кайрылып талуу жерине тийдикпи, айтор,
“мен бирөөлөр үчүн намаз окубайм, окусам өзүм үчүн окуйм!” деп так секирди. “Намаз окубадың” деп бирөөнү бирөө айыптамак беле?.. Сыягы, ырчы бизди түшүнбөдү көрүнөт.

Гезит туура эмес кайрылган, намазды ташиап койдунбу же намаз окуп жаттыныз эле го деп... Айрым кок мээ "ырчы соройлор" озун рекламалоого эч нерсе таппай калганда сакал коюп, кыз болсо хиджап кийип намаз оку жатам деп озун рекламлоо учун динди садага чабат...
Намаз окуган адамдар вино, пиводон таптакыр даа татпай калат деген жанылыш нерсе... Азыр жуманамазга ар бир 3-эркек барчу болсо, ошол адамдрдн 70%ти пиво, винодон, керек болсо арак ичет, жумасына бир ирет намзга барып куноолорун кечируун сурап коюп... Бул чон топко депутат, минстрлер да кирет АША баш болуп...
Анжеликанын сулуулугу, өзүн алып журүүсү көп ырчылардан алдыда турат. Аны теледен көргөндө жагымдуу маанайда болом. Сахнага же эл алдында жаман сапаттарын көрө элекмин. Мен үчүн ошондой бойдон калат. Ал эми сахнанын артындагы жашоосу менин ишим эмес. Көрө албастыктын да чеги болот. Кумурскадан пил жасап коюш бат эле.