Чүй облусунун имамдары уюштурган Тынчтык кербени Кыргызстан боюнча жүрүшкө чыгышты. Топтун курамы 14 адамдан туруп, облус казысы, анын орун басары райондун имамдары бар. Булардын өлкөнү кыдыруудагы максаты – облус аралык имамдардын алакасын бекемдөө, элди биримдикке чакыруу, жер-жерлерде динге байланыштуу туура эмес түшүнүктөрдү жоюу. Бул кербен Нарын, Ысык-Көл олустарына барып келип, учурда өлкөнүн түштүк аймагына чыгууну пландап жатыптыр. Чүй облусунун казысынын орун басары Нурмухаммед Миңбаев: «Тынчтык кербенинин жыйынтыгы, буюрса, жакшы, эл жакшы кабыл алып жатат. Азыр муфтийдин жоктугуна байланыштуу убактылуу токтоп турабыз. Ал киши келген соң кеңешип алып, жүрүшүбүздү улантабыз»,- дейт.