ӨЗБЕКСТАНГА ТООК САТАМ ДЕП...
№516 21-27-сентябрь, 2012-ж
12-сентябрда Кадамжай районунда Өзбекстан менен чектешкен чек арадан облустук Уюшкан кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын (УБОПиК) кызматкерлери тарабынан Хундай Портер автоунаасы токтотулган. Машинаны айдап бараткан райондун 31 жаштагы тургуну К.А. бажы постунан айланып, коңшу өлкөгө мыйзамсыз кирмекчи болгон. Машинага тоок этин жүктөп алган. Контрабанда 150 миң сомдон ашуун суммага бааланды. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренеси (контрабанда) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
туура айтасыз ,билбей суйлогон акылсыздык!