Ноябрь айынан баштап минималдуу өлчөмдө пенсия алгандардын пенсиясы көбөйө турганын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусундагы иш сапарында айтты. Аны менен катар өкмөт башчы социалдык төлөмдөрдүн баары кечиктирилбестен берилип турарын, ал үчүн керек болсо акимдердин, министрлердин айлыгы кыскара тургандыгын да белгилеп өттү. Премьер-министрдин Ат-Башыдагы эл менен жолугушуусуна айылдын тургуну, I топтогу майып Зарлык Бакалов өзү жасап алган жыгач коляскасы менен келип, ага собол таштады.
З.Бакаловдун айтымында, анын үйүнүн чатырын катуу шамал алып кеткен. Аялы экөө биригип 7 миң сом пенсия алышат. Майыптарга арналган арабасы жоктугуна байланыштуу өзү жасап алууга аргасыз болгонун билдирди. Аны уккан Жантөрө Сатыбалдиев мындай майып, жардамга муктаж кишилер аткаминерлерге эмес, тескерисинче, алар майыптардын үйүнө барып кабар алып турушу керек экенин айтты. Ошол жерден район акими Ильич Максүтовго З.Бакаловдун маселесин чечип берүүнү тапшырды.
Жаштарды колдоп, айлык, пенсияны которуп.
Кыргыз эли тарап бутту ар жакка. Жакында кенедей Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучуу турат. Ойлонуп иш кылгыла, эл учун иштегиле. Мен кыргызстан онолот деген ойума терен ишенем"