КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн администрациясында мурда 54 кызматкер иштеген болсо, эми алардын саны 33 адамды гана түзүп калды. Тактап айтсак, 21 адам жумуштан бошотулду. Бул тууралуу маалымат КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн аппараттык жыйыны болгон соң тарады. Жыйынтыгында өкүлчүлүк эки эсе кыскартылды. Мындан ары регионду өнүктүрүү, инспектирлөө жана көзөмөл, социалдык өнүктүрүү жана мониторинг, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар жалпы бөлүмдөрү иш алып бармакчы.