24-25-сентябрь күнү Баткен шаарынын Маданият үйүндө «Эл аралык ынтымак» көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөдө Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттардын тарыхы, каада-салты, улуттук кийимдерин чагылдырган буюмдар тартууланды. Мындай көргөзмө узак убакыттан бери болбогондуктан, баткендиктер акылына акыл кошуп, руханий жан дүйнөсүн байытып кетишти десек жаңылышпайбыз. Көргөзмө «Ош үңкүр» комплекси тарабынан көрсөтүлдү.
туура айтасыз,элибиз,жерибиз бай жа байыркы элдерден ,Кыргызстаным учун жанымды берем!азаматсынар Баткендиктер!