БАЛА БАКЧАНЫН БАШЧЫСЫ ПАРА АЛЫП КАРМАЛДЫ
№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылындагы бала бакчанын башчысы К.А. пара алып жаткан учурда кармалган. 2012-жылдын 14-сентябрында Аламүдүн районунун прокуратурасына аталган айылдын П.Г. аттуу жашоочусу бала бакчанын башчысы К.А. небересин бала бакчага орноштуруу үчүн белекке чаң соргуч талап кылгандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган. Ушундай эле мүнөздөгү арыз Ш.Б. аттуу жарандан да түшүп, анда бала бакчанын башчысы кызын бакчага орноштуруу үчүн 2000 сом талап кылган. Арыз ээлеринин кайрылуусунун негизинде иш-чара уюштурулуп, 17-сентябрь күнү бала бакча башчысы чаң соргуч жана 2000 сомду пара иретинде алуу учурунда кармалган. Учурда ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Пара алуу менен жан бакпай, айлыгына ыразы болуп иштеген бир да адам жок мам кызмата.