Облустагы пансионаттар жайкы эс алуу мезгилинде салык жыйымдарын былтыркы жылдагыдан 2 эсе ашык төлөп беришкендигин Ысык-Көл облустук салык бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, өкмөт ар кандай текшерүүлөргө мораторий киргизгенден кийин салык төлөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү жакшырды. Жайкысын көлдөгү пансионаттардын 45и менен келишим түзүлүп, контракттык негизде салык төлөмү киргизилген. Белгилей кетсек, өткөн жылдын жай мезгилинде эс алуу жайлары тарабынан 14 миллион сомго жакын салык төлөнсө, быйылкы жылдагы салык төлөмдөрү 30 миллион сомго чамалагандыгы мактоого арзыйт.