ОРУСИЯ ЖАСАГАН КЫМБАТ ТРАНСФЕРГЕ ПУТИН АРАЛАШПАЙТ...
№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
Орусиялык футболдук клубдарынын кымбат баадагы трансферлери спорт коомчулугунда сынга кабылганын билебиз. «Евро-2012ден» кийин Орусия курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган италиялык Фабио Капелло Орусияда футболдун өнүкпөй жатканын да өлкөдө чет элдик футболчулардын көптүгү менен байланыштырган. Мунун артынан өлкө президенти Владимир Путиндин «ал трансферлерге корогон акчаны маданий иш-чараларга сарптаса эмне?!» деген кеби тараган. Бирок жакында «миллиондогон спорт сүйүүчүлөрү спорт жылдыздарын жакындан көргүсү келет. Ырас, ал акчаны мамлекет эмес, жеке ишкерлер төлөп жаткандан кийин биз баш оорутпайбыз» деген билдирүүсүн узатты. Эске салсак, бул чырлар питердик «Зениттин» бразилиялык Халк менен бельгиялык Аксель Витсель үчүн 100 миллион евро короткон соң бир топ арбыды. Анткени командада бул оюнчулардын айынан кер-мурлар көп айтыла баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0