Гезитибиздин негиздөөчүсү, Социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султанов калктын жардамга муктаж чөйрөсүнө ар дайым көңүл бөлүп, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Жылдагыдай эле быйыл да 1-Октябрь – Кадырман карылар күнүн унутта калтырган жок. Министрдин жардамы менен Чүй облусунун Сокулук районундагы карылар жана майыптар үйүнө барып, камдап алган белек-бечкегибизди тапшырып кайттык. Биздин командага, албетте, ырчылар да кошулушкан.

Белек берип эле кош айтышпастан, карылар менен баарлашып, алардын ар кандай тагдырларын уктук...
Гүлжакан Сыдыкбекова:
– Мен Ысык-Көлдүн Ананьево айылынан болом. Бул жакка ден соолугума байланыштуу келип алгам. Карылар үйүнө келеримди бир туугандарыма айткан эмесмин, айтсам каршы болушмак намыстанып. Ар кимдин өз жашоосу бар. Оорулуу адамды кароо кыйын, ошондон улам аларга жүк болбоюн дедим.
Таисия Сараева:
– Карылар үйүнө келгениме 7 жыл болду. Жалгыз уулум бар. Ал 8-классты бүткөндө эле Орусияга кетип калган. Ошондон кийин жалгыз жашап жүрүп, буттарым ооруп оокат кыла албай калдым. Анан аргасыздан бул жакка кайрылдым. Балам кеткени бир жолу келген, андан кийин кат да жазбай калды. Эгер силердин гезиттен мен тууралуу окуп калса, балким, өлүп калганча бир келер. Баламды бир көрүүгө зармын. Жок дегенде телефон чалса, үнүн уксам... Аябай сагындым!
Кыштакбек Ибраимов:
– Биринчи аялым менен ажырашып кеткем. Балдарым жубайымдын колунда. Ошондон улам алар менден алыс болуп калышты. Кийин кайра үйлөнгөм. Анын мурдагы турмушунан эки баласы бар болчу. Алар чоңойгондо эле батышпай калдык. Анан карылар үйүнө баса бердим. Бирок экинчи аялым жакшы киши, менден кабар алып турат. Ошол аялым менен эле жашасам дегенде эки көзүм төрт.
Бахияна Сатылганова
Адилет Бектуров
star@super.kg
таманында