ЖУРНАЛИСТТЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ...
№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж
-
Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Ак-Суу" санаториясынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн “Ашар-Жалпы иш” фонду тарабынан кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, анда
470 миң сомго чукул каражат топтолду.
-
Бишкек шаардык Кеңешине шайлоого катышуу үчүн 15 партия катталды. Бул тууралуу БШКнын өкүлү Жаркын Бапанова билдирди.
-
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү Кеңешке шайлоолорго бюллетендерин даярдоо үчүн тендер жарыялады.
-
Мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго байланышкан соттук отурум 10-октябрь күнү уланмай болду.
-
КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болду.
-
2-октябрь күнү Меккеге ажылык зыяратка баруучулардын биринчи бөлүгү учуп кетти.
-
Сабырбек Молдокулов КРнын Эсептөө палатасынын төрагалык кызматынан бошотулду.
-
2012-жылдын 6 айында Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча 390 факт катталгандыгын Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
-
1-октябрда Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш-аракеттерине нааразы болгон бир катар журналисттер митинг уюштурушту.
-
ТИМдин Тышкы миграция департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Т.К. 750 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.
-
Жалал-Абад облусунда эмдөөдөн улам өлгөн койлордун саны 30-сентябрга карата 2064кө жетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0