АТАКТУУЛАР АЛГАЧ КИМ БОЛУП ИШТЕШКЕН?
№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж
“Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деген жакшы сөз бар. Ийгиликке жетиш үчүн адам ар кандай кыйынчылыктарды басып өтөт эмеспи. "Кыргызстанда, деги эле аттуу-баштуу саясатчылар алгач эмне иш менен алектенишкен?" деген суроого жооп издеп көрдүк.


-
Депутаттардын катарын толуктаган “ар-намысчы” Анарбек Калматов азыркы Аксы районуна караштуу Ульянов атындагы колхоздо эмгектенген.
-
Колхоздо иштегендердин катарын "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов да толуктайт. Ал алгачкы эмгек жолун "Ленинизм" колхозунун жумушчусу болуп баштаган.
-
ЖКнын депутаты Марат Султанов "студенттик күндөрүмдө темир жол куруучу болуп иштегем" деп бизге куруп берген маектердин биринде жооп берген болчу.
-
Вице-премьер-министр Камила Талиева: "Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде лаборант болуп эмгек жолумду баштайм",- деди.
-
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов алгач "Ташсельмаш" заводунда мастердин жардамчысы болуп иштеген.
-
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Садыр Жапаров студент кезинде СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштегенин айтып берди.
-
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мектепти аяктаганда дарбыз эгип, дыйканчылык кылган.
-
Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев өзүнүн резюмесине “алгачкы кызмат ордум – борбордук универмагда катардагы кызматкер” деп көрсөтөт.
-
Учурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев биринчи Алай райондук Жол куруу башкармалыгында мастер болуп иштеген.
Айдай Асанбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
7
tuura aitasyn)) pol juuguchtardyn bashchysy degendi birinchi ugup atam)))
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Azamattar :)