Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев айылы өзүнүн 100 жылдык юбилейин өткөрдү. Мааракеге өлкөнүн бардык аймактарынан коноктор келип, улуттук оюндар, спорт оюндары, балдар жана улуулар үчүн атайын оюн-зоок программалары уюштурулду. Эртеси майрамдык салтанат улуттук ат оюндары менен уланып, жорго салыш жана улуттук аңчылык түрү – салбуурун орун алып, катышуучулар бүркүт салмай, тайган куудурмай оюндарына күбө болушту. Стадионго 50дөн ашык боз үй тигилип, бул жерде ар кандай мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да өттү. ИИМ маалымдагандай, аталган иш-чарада тартипти камсыздоо үчүн РИИБинин жана ОИИБинин өкүлдөрү, бир катар ыктыярдуу элдик кошуундун жигиттери кызматта болуп, эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Мааракеде “Эң жакшы жасалгаланган боз үй” сынагында Тоң райондук ички иштер бөлүмү 1-орунду алышты.