3-октябрдагы митингге байланыштуу айып тагылып, учурда 2 айга УКМКнын абагында отурган ЖКнын депутаты Садыр Жапаровдун жердештери нааразычылык митингине чыгууну көздөшпөйт. Түп райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Асакеевдин айтымында, акимчилик элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
“Митингге чыгып, депутаттын бошотулушун талап кылуу туура эмес экенин айттык. Эл бул кырдаалды түшүнүү менен кабыл алышты. Эл митингге чыкпайт”,- деп билдирди Асакеев.