Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы ат майданынын имараты курулгандан бери көңүл бурулбай, оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турган. Жергиликтүү жашоочу Гүлжамал Асанкадырованын айтымында, бул имарат орто жолдо жеке менчикке берилип кетип, чыр-чатактар болуп, иш-чара, оюн-зооктор өтпөй келген. Эми кайрадан мамлекетке өткөрүү маселеси каралып жатыптыр. "Быйыл 15-октябрда Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн учурда ат майданы оңдолууда. Демилгени калк өзү колго алып, ар бир адам колунан келген жардамын көрсөтүп, салымын кошууда" дейт Асанкадырова.