Октябрь айынан тарта өлкөнүн бардык аймактарында нандын баасы 1 сом 75 тыйынга чейин кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматтарга таянсак, 4-октябрга карата 1 килограмм нандын орточо баасы 42 сом 25 тыйынга чейин көтөрүлдү. Нандын эң жогорку баасы Нарында белгиленип, 1 килограмм нан 48 сом 48
тыйынга жетти. Буга эмне себеп? Албетте, ундун кымбаттаганы. Учурда өлкө боюнча жогорку сорттогу ун орточо эсеп менен 35 тыйынга кымбаттап, килограммы 35 сом 20 тыйын, ал эми I сорттогу ун 32 тыйынга кымбаттап, 29 сом 59 тыйындан сатылууда.