БАКМА БАЛАНЫ КАТТАТЫП АЛЫШТЫ
№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж
9-октябрда милицияга Жайыл районундагы Новониколаевка айылынын 41 жаштагы тургуну өзгөчө сураныч менен кайрылган. Ал 2007-жылы 1-ноябрда үйүнө таштап кеткен баланы асырап алгысы келгенин маалымдаган. Белгисиз адамдар түн ортосунда анын үйүнүн алдына жуурканга оролгон болжол менен 1 жаштагы баланы таштап кетишкен. Баланы таап алган үй-бүлө наристенин энеси эсине келип, бир күнү келип алып кетет деген ишеничте багып жүрүшкөн. Андан бери 5 жыл өтүп, багып алган ата-энеси наристеге өздөрүнүн фамилиясын берүүнү чечишкен. Себеби алар балага көнүп калышкан жана ал жакында мектепке бармак. Ал эми документи жок баланы мектепке киргизүү да оор.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2