Режиссёр Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп жатат. Азырынча тасманын аты болжолдуу гана тизмеде. Себеби, акыркы тизме 2013-жылдын январь айында жарыяланат. Кыргыз кинолору сыймык жаратчу маал келди бейм, анткени бул жагымдуу жаӊылык менен катар Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасы жакында АКШда дисктерге чыгарылганы маалым болду.
“Оскар” демекчи, бизде да “Оскар” сыйлыгына тете улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгы уюшулуп жатат. Бул сыйлыктын уюштуруучусу Нургазы Эрназаров билдиргендей, иш-чаранын максаты улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө салым кошууга багытталган. Андан тышкары уюштуруучулардын катарында кинорежиёссерлор Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Садык Шер Нияз, Темир Бирназаров жана башкалар бар.
birok oskarga tatybaitga
Эми ошол макаланы жакшылап окуп келип, жогорудагы жаңылык менен салыштырып көрүңүз. Тиги макалада кыргыз тасмаларына саресеп салынып, журналисттин көз карашы чагылдырган. Ал эми жогоруда макала эмес, чакан жаңылык кандай болсо, ошондой берилген.
Эрежелерди окуйбуз, 15 күнгө кошүңүз!
Оскар сыйлыгы имиш, Америкага не керек, алар бизди динибизден, улуттук байлыгыбыздын алыстатып капыр кылып жок кылыш керек.
Кыргызымды Аллах озу колдосун!!!