Убагында «Кыялымдан кетпес», «Айталбайм» аттуу ырлары менен жетиштүү күйөрман топтой алган Алихандын минтип башы эки болуп отурган чагы.
– Куш бооңор бек болсун! Маанай кандай?
АЛИХАН: – Жакшы, рахмат. Минтип үйлөнүү тоюн өткөрүп жатканыма кубанычтамын.
– Кайсы тагдыр башыңарды бириктирди?
– Ата-энелерибиз жакшы тааныштардан. Ошол себептүү Айпери экөөбүз деле кичинебизден бири-бирибизди тааныйбыз. Кичине кезимден эле «апам тандаган кызга үйлөнөм» деген сөзүм бар эле. Буюрса, сөзүмө турдум. Ата-энелер жаңылбайт да.
– Андай күндө деле Айперинин сени тартып алган сапаты болгондур...
– Айпери ыймандуу, түшүнүктүү. Адамдардагы мага жаккан сапаттардын баарын Айпериден жолуктурдум.
– Алиханчы?
АЙПЕРИ: – Алихан мага турган турпаты менен жагат. Ушундай мырза менен турмуш жолуна аттанып жатканыма кубанычтамын. Мен бактылуумун!
– Канча сүйлөштүңөр?
АЛИХАН: – Көп эле болду сүйлөшкөнүбүзгө. Кайын журтум Оштун Кара-Кулжасынан. Айпери учурда 21 жашта. Ал Орусияда тургандыгына байланыштуу көбүнчө интернеттен сүйлөшүп турчубуз.
– Эми чыгармачылык эмне болот?
– Айпери менин чыгармачылыгымды колдоп, жардам берейин деген ниетин билдиргенде ага ушунчалык ыраазы болдум. Аман-эсен тоюмду өткөрүп алсам, чыгармачылыкка киришем. Клиптерди тартайын деп пландап жүрөм. Баары алдыда.
– Бактылуу болгула!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg
Бактылуу болушсун!!!