Убагында «Кыялымдан кетпес», «Айталбайм» аттуу ырлары менен жетиштүү күйөрман топтой алган Алихандын минтип башы эки болуп отурган чагы.
– Куш бооңор бек болсун! Маанай кандай?
АЛИХАН: – Жакшы, рахмат. Минтип үйлөнүү тоюн өткөрүп жатканыма кубанычтамын.
– Кайсы тагдыр башыңарды бириктирди?
– Ата-энелерибиз жакшы тааныштардан. Ошол себептүү Айпери экөөбүз деле кичинебизден бири-бирибизди тааныйбыз. Кичине кезимден эле «апам тандаган кызга үйлөнөм» деген сөзүм бар эле. Буюрса, сөзүмө турдум. Ата-энелер жаңылбайт да.
– Андай күндө деле Айперинин сени тартып алган сапаты болгондур...
– Айпери ыймандуу, түшүнүктүү. Адамдардагы мага жаккан сапаттардын баарын Айпериден жолуктурдум.
– Алиханчы?
АЙПЕРИ: – Алихан мага турган турпаты менен жагат. Ушундай мырза менен турмуш жолуна аттанып жатканыма кубанычтамын. Мен бактылуумун!
– Канча сүйлөштүңөр?
АЛИХАН: – Көп эле болду сүйлөшкөнүбүзгө. Кайын журтум Оштун Кара-Кулжасынан. Айпери учурда 21 жашта. Ал Орусияда тургандыгына байланыштуу көбүнчө интернеттен сүйлөшүп турчубуз.
– Эми чыгармачылык эмне болот?
– Айпери менин чыгармачылыгымды колдоп, жардам берейин деген ниетин билдиргенде ага ушунчалык ыраазы болдум. Аман-эсен тоюмду өткөрүп алсам, чыгармачылыкка киришем. Клиптерди тартайын деп пландап жүрөм. Баары алдыда.
– Бактылуу болгула!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg
Хаха..точно! Кантет ай келин сорой, аябай эле картан корунот экен,и еще старомодная. Базарда отурган немелерге окшоп, ноктосу, прическасычы ииий...
Алихан озу алмончоктой болгон бала, келинчегин башкача элестеттим эле. Мейли эми бактылуу бол иним! Чогуп кетпесен эле болду.
!!!