МЫРЗАКМАТОВ ЛЕНИНДИ ООДАРЫП ТҮШӨБҮ?
№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж
Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматов быйылкы жылы эл ичинде эстелик комплекстери менен оозго алынды. Бирок облустук администрациянын тушундагы «темир Ленин» жакын арада ордунан жылчудай түрү жок. Башкы аянт эмеспи, иш-чаралар көп өтөт. Анын жалпы көрүнүшүндө эсил кайран Союздун брендине айланган Лениндин эстелиги кадимкидей даана көрүнүп турат.
Шаар тургундары «Мелис азыркыдай жакшы кызматын уланта берсе, бир күнү Лениндин ордуна Мырзакматовдун эстелигин тургузабыз» деп тамашалашат, астейдил айткандары да бар. Мелис Мырзакматов деле башкы аянттын төрүн атайын ошого сактап жүргөн болбосун ким билет?...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
өнүгүүсү Оштон башталабы?
Өткөн жуманын этегинде өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ош калаасы ыр-күүгө чулганып, ордолуу шаардын борбордук аянтына чогулган 25 миңден ашуун мекендешибиз тарыхый шаардын 3012 жылдыгын белгиледи. Ош жергесиндеги үлкөн салтанатка катышып, каргашалуу окуядан кийинки өзгөрүүлөргө, өнүгw