Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Дайыр Исмадияров: «КАЙЫРГҮЛ МЕНИН ДЕҢГЭЭЛИМДЕГИ КЫЗ ЭМЕС»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж


«Ырчы болгондон кийин келбетке карап, мода кууп кийинүү керек. Бул жаатта мен артта калгандардан эмесмин» деген ырчы Дайыр Исмадияров жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу агынан жарылып маек куруп берди.

– Кандайсың, Дайыр? Жакында сени биздин «Тамаша тордон» бир "назик" жигит менен көрүп калдык. Мындайда достор шылдыңдап эле жатып калышса керек...
– Оо, айтпагыла. Баарынан да анын «чё ты мне бьёшь?» деген сөзү достор арасында тамашага айланды. Орустун «мне» деген сөзүн укканда эле ошол «Тамаша тордогу» «назик» жигитти эстей турган болдум. Алгач ачуум келип жаткан, азыр аны эстегенде маанайым көтөрүлүп, жылмайып калам. Эми мен да өчүмдү алып, жылдыздарды тамашага салганга жардам берем деп чечтим.

– Сахна жылдыздары менен мамилең кандай? Ич ара топ-топко бөлүнүп жүрүшөт дешет.
– Баары менен мамилем жакшы, саламым түз. Балким, продюсери барлар жана продюсери жоктор болуп бөлүнүшөттүр, бирок мен эч жакка кошулбайм. Баары менен эле тил табыша алам, эч кимиси менен сырдашпайм.

– Ыр жаздырууда эң биринчи кезекте эмнеге көңүл бурасың?
– Ырды койгондо эле кулакка алгач аранжировкасы угулат эмеспи. Андыктан аранжировкасына көңүл бөлөм. Андан соң элге терең сиңиш үчүн жакшы клип тартуу керек. Клип тартууда ар дайым сценарийин өзүм түзөм. Кыскасы, болушунча профессионалдык деңгээлде, сапаттуу ырларды күйөрмандарыма тартуулоого аракет кылам.

– Ырчылык дареметиң жөнүндө кеп кылсак...
– Албетте, ырчы болгондон кийин сын көп. Сын менен өсөсүң дечи, бирок кээде эч бир мээнетиңе карабай туруп «ыр жаман болуптур» дегенди окуганда же укканда жаның кашаят. Чындыгында, сен аны түн уйкуңдан калып, мээнет менен бүтүрөсүң. Анан да кээде ырчыны сындап, четте отуруп алып кыйыгынан карап, мыйыгынан күлгөндөрдү жактырбайм. Андайда, тескерисинче, ошол адамды карап алып ырдайм. Кесибим психолог болгондуктанбы, айтор, андай адамдарды көзүнөн эле байкап коём.
Кай жакка концерт менен барбайын, күйөрмандарым келишет. Мен ошого каниет кылам. Күйөрман топтоого жетиштим, демек, мен жаман ырчы эмесмин. 10 адамдын төртөөнө менин ырларым жакпаса, калган алтоо кол чаап угуп турушса, мага ошол жетет. Калган төртөө мени укпай деле коюшсун, концертиме келбесе деле мейли.
Кандай гана концертте ырдабайын, элдин табитин тапканга, эл менен сүйлөшүп, чыныгы Дайырдын шайыр, тамашакөй экенин көрсөтүүгө аракет кылам. Койгон концерттерим, жеке кулк-мүнөзүм жөнүндө эл кандай пикирде экенин интернет аркылуу билип турам.

– Интернет менен жакшы дос окшойсуң?
– Заманга жараша, ар кыл тармактагы маалыматтардан артта калбаш үчүн интернет менен досмун. Анан, албетте, күйөрмандар менен баарлашып турам. Кино көрөм, музыка угам, кыздар менен таанышам, сулуу кыздардын сүрөттөрүнө көз чаптырам дегендей.

– Кыздар жөнүндө кеп козгоп калдың, андан ары сөзүбүздү уласак...
– Чындыгында, бул жаатта эч кандай жаңылыгым жок. Анткен менен көздөп койгон эки-үч кыз бар. Бирин апам тапкан, бири менен өзүм таанышкам, дагы бирин интернеттен тапкам (күлүп). Азырынча эч кимиси менен олуттуу сүйлөшө элекмин. Ошентсе да Гүлжамал деген эжемдин жоруктары күлдүрөт. "Дайыр үйлөнөт" деп эле даярдана берет. Ош шаарындагы ресторандардын бирин айтып, үлпөт тойго чакырылчу кишилердин тизмесин түзүп, ар биринин отура турган орундарына чейин бөлүштүрүп койгон. Эң башкысы, азырынча кыз жок, ха-ха.

– Анан качан үйлөнөсүң?
– Быйыл кышында, буюрса, бир кызды тандап, аны менен 10 күнгө Дубайга же Парижге барып эс алып келүүнү пландап жатам. Ошол жактан кызды болушунча сынап, болот же болбойт деген чечимге келиш керек. 10 күндүн ичинде кимдин ким экени билинип эле калат. Антпесе кубулма кыздар көп. Бирок чочулабай эле коюшсун, мен ал кыздын намысын булгабайм деп сөз берем.

– Кубулма кыздар дейсиң, кыздардан көңүлүң калган жайың бар окшойт...
– Ооба, сырты жалтыраганы менен, ичи калтыраган кыздардын бар экени өкүндүрөт. Ошол себептен кыздарга көпчүлүк менен кошо өзүңөр көптөн күткөн түндө уят болуп калбагандай болуп жүрсөңөр экен демекмин.

– Бир кезде ырчы Кайыргүл экөөңөрдүн сүйүү романыңар жөнүндө кеп тарады эле. Кийин аны Кайыргүл «Дайырдын пиары болчу» деп чыкты.
– Ооба, Кайыргүл менен гастролдо чогуу жүрүп, аны жактырып калганым чын. Кийинчерээк анын кандай кыз экенин баамдап, мамилени токтотуп койгом. Ал ырчы кыздын «бул сөздөр Дайырдын пиары болчу» дегени боюнча айтсам, пиар мага эмес, Кайыргүлгө көбүрөөк керек го дейм. Кыскасы, Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес.

– Бир кезде көңүл койгон кызыңа катуу айтып алган жоксуңбу? Муну уккан Кайыргүл капа болуп жүрбөсүн?
– Ар бир адамда көңүл бар, анын интервьюсун окуганда менин да көңүлүм калган.

– Адамдын чыныгы жүзү демекчи, чыныгы Дайыр кандай?
– Кээде жатып алып өзүмө баа берем. Бирде «азаматсың, Дайыр, ушундай чоң ишти аткардың» деп мактасам, кээ күнү өзүмдү урушам. Жашоодо жоопкерчиликтүү эле баламын. Жалгыздыкты жакшы көрөм. Жалгыз калганда көп ойлор келет, режиссёрлук ойдо сын көз караш менен кино көргөндү жактырам. Кыскасы, кино дүйнөсүнө, режиссёрлукка аябай кызыгам.

– Анда сенин тасмаларыңды качан көрүп калабыз?
– Гастролдоп жүргөндүн ортосунда бир кинонун сценарийин жазып чыккам. Ага өзүм сүйүнүп, бир-эки режиссёрго көрсөтүп койсом, кийин аны тасмага тартып коюшуптур. Атын атабай эле коёюн. Идеяларымды уурдатып жибергениме аябай ичим ачышты. Кино тартуу боюнча алдыда пландарым бар.

–Чыгармачылыктан тышкары да бизнесиң барбы?
– Соода тармагында чакан бизнесим бар. Кийим-кечек сатуу менен кошумча каражат табам.

– Кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат.

Толук аты-жөнү – Исмадияров Дайыр Эсенбаевич
Туулган жылы – 1986-жыл, 16-июль
Туулган жери – Өзгөн району, Мырзаке айылы
Бою – 174 сантиметр
Салмагы – 68 килограмм
Билими – Кыргыз агрардык университетин аяктаган
Кесиби – Психолог
Жылдыз белгиси – Бөйөн

 

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg



Дайыр Исмадияров: "Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(111)
23.10.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр менен Кайыргул пара эмес,Дайырга арык чырай,ото назик,бети тогорок эмес Кайыргулдукундой кыздар туура келет.Дайыр ак конул ичине жаман сыр катпаган жигит экен.Алга Дайыр озуно ылайыктуу кыз таап бактылуу бол,иштерине ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
23.10.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dostor sizderge ushak bolgonu soz tabilip kalgan turbaybi. bul jerde dayir kim kanday ekenini korsotkon. men ani jakshi bilem al sonun bala, ak konul, kayirgulda aga bildemke kilgan oshonu uchun alda aytti ozunon ozu ele aytbaytda. dayir sen alar jazgan sozgo konul burba alar echtekeni bilbey ele suyloy beret saga iygilik. sen azamatsin artka ech karaba aldine ele kadam tashtap juroo ber
SUPER.KG видео
23.10.2012. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baarinarga ne bolgon dayirdi jaman korup. ani biz kuyormandari dostoru jakshi bilebiz al kanday bala ekenini. bul jerde ech kanday jaman soz aytkan jok dayir. al ushunday betke aytat artinan jamandabayt. kizdagi dayirga jakshi mamile kilganda dayirda aytbayt bolchu
24.10.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дони сен Кайыргулдун атын колдонгонсун.уялсан боло бир куноосуз кызды озундун атын учун урунуштан.тамаша тор эсте калчу нерсе болду кийин балдарыма айтып берем дейт.бироолор тамашалап гей болуп мага тийишкен деп кантип айтаар экенсин?
24.10.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр,эркек болгондон кийин эркек болуш керек!!!! кыздарга тенелбей!!!!!
24.10.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
млиин тим эле 10 кун сынап дейтко э, озун аябай эле звезда сезет окшойт
24.10.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр Исмадияров таланттуу ырчы дегенден алысмын, бирок бул мырзаны мынчалык караладынар,уну жок туура,бирок буга окшогон ырчы мырзалар да коп мисалы айта кетсек Мирбек иманбеков,самат долотбаков,Даниэль,ж.б. бул тизменин аягы узун, кыскасы Дайырды эркек дейт,а Кайыргул кичине кыздай болсо болмок ашкере кылып жыргатып койгонсуп "мен дайыр менен жургом" деп ырсайбай.
24.10.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттер үрө берет а кербен жүрө берет, кыскасы аман эле болгула да
24.10.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жур мени менен Парижге 10кун эс алып келебиз, жагып калсан аялдыка алам,жакпай калсан кечир.Кишини ирээнжитип кулкусун келтирбечи жылдызик,кесибин психолог экен,берген маегинди окуп,жыйынтык: адамдын психологиясын начар билесин,демек психолог катары денгээлин томон.А ырчы катары ишенсен сенин ырынды угуп корбоптурмун, айтоор Супер инфо гезити силерди жон эле жылдызик кыла берет.Кыскасы профессионалдык денгээлинди оркундот.Жылдызик!!!
24.10.2012. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай эле өзүн бийик сезип алганбы?Өзүңдү эр ойлосоң,бирөөнү шер ойло деген Дайыр!
SUPER.KG видео
24.10.2012. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр, тескеринче, сенин денгээлин ото томон экен. мынча мактанчааксын. эркек деген да ушундай болобу
SUPER.KG видео
24.10.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
турушу менен ТУЛКУ экен
25.10.2012. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул жерде Дайыр туура эмес! Себеби убагында жактырып сүйүп жүрүп анан эле Кайыргүл мындай экен тигиндей экен деп эмне кереги бар. Биз баарыбыз болгону пендебиз, баарыбыз жаңылабыз ката кетиребиз"
25.10.2012. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Слушай, Дайыр тебе нужно учиться тому как выступать на публике. Давать интервью это не то что, выйти на сцену и спеть давно заученную песню... есть вещи которые можно говорить на камеру, и которые нельзя... на тебя же смотрят столько людей, читаю твои интервью. Ужасно... учись всему как разговаривать, как вести себя себя, и заменяй свои слова на более правильные ты же человек с высшим образованием. и то что о девушке говорил, не очень лестные слова, не опускайся так низко, будь МУЖЧИНОЙ
25.10.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайыргул жонундо унчукпай эле койсон болмок,сен эркексин андан оч алам деп тура эмес создорду суйлоп койдун.
25.10.2012. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кааап, эркек болгон сон аял кишини жамандап томондобой эле койсо болмок. Же уйлонуп жашап, анан ажырашпаса. Жаш кезде канча жигит, канча кыз менен мамиле кутот, акыры-ын эле кала беришпейби ээ. Видимо озун аябай которгон жигит ондонот, туура айткан: "Адамдын адамдыгы анын жонокойлугундо".
25.10.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аша чаапсыз го бала...Албетте сенин дэнгээлиндеги кыз эмес... сенден алда канча жогорку дэнгеелде...
26.10.2012. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр несине кыйын болот мактангандан башка ечтекеге жарабайт
SUPER.KG видео
26.10.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дайыр жакшы бала ! бирок Кайыргулду жаманаттуу кылганы эркектике жатпайт. Ырчылыкка келсек уну деле мактанаарлык эмес. Кайыргул абдан журогу таза , шайыр бетке айткан кыз болуш керек.Дайыр озуно карап алчы ээ . Айбо экоонор жакшы пара болчудайсынар ...:) Дони + Айбо = чыныгы суйуу
SUPER.KG видео
26.10.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канат кадыржан жанында пайда болот анан чогуу учасынар !Нурланды кошуп аласынар байкушту... Дайыр Айбону соссуз ала кеткиле сенсиз зеригип калбасын. ХА -ха -ха
SUPER.KG видео
26.10.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбо менен тойунарга коп адам келет .
SUPER.KG видео
26.10.2012. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Дайырды жакшы коросунорбу жаман коросунорбу,Дайыр учун чын журоктон баарибир, балким чындыкты айткандыр бетке айткандын заары жок эмеспи.Унуно башка нерсесине асылбай эле койгула.ал жаман болгудай эмне анын ичине кирип чыктынарбы,ушакчылар.лично мен Дайырды сыйлайм чыгармачыл ийгилик бар болун.
26.10.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
азаматсын
28.10.2012. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бооооооооой
28.10.2012. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жигиттин жылмайганы жагат жылмайганда жылдыздуу болуп корунот бирок эч ырын укпапмын ушунча жаны ырлары чыкса да суйлогон создору жакпады адамды эч качан кемсинтпеш керек кыздарга тенелбей кыздар мин жаман суйлогон учурда да жарша берет а сен эркексин го жонокой болсон болоор ийгилик сага каталыктарынды ондо кеч эмес
SUPER.KG видео
01.11.2012. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дайыр озу мага жакбайт. Кабарчы бала учун эле кором. Аябай жакшылап барат.
SUPER.KG видео
01.11.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту Дайыр мырз менин байкашымча сиз жанакы адамды жамандап коюп, анан бул эми менин ишим эмес, анын иши, озунор тактагыла ал адамдын кандай экенин деген эн томонку сапаттары бар адамдардын катарын толуктайт экенсиз!эгерде Кайыргул сага жакпайбы,ошону кыскача тушндурсо болот да!каяктагы болбогон создорду айтпастан!Эми кайыргул сен жонундо жаман создорду элге жарыя кылып айттыбы ,мисалы биз сен жонундо уккан ,коргон жокпуз!
SUPER.KG видео
01.11.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дегин бар ал менин денгээлимдеги (кыз деп деле эмес)адам эмес деп!озунду эгер адам же эркек деп билгенинде сен эч качан кыз балага очошпойт болчусун !Эми бул эмне деген кеп ал да мен жонундо жаман создорду суйлогон Анан мен да суйлойм да!суйлосон соз коп бирок !Дайыр озундун адамдык ,эркектик сапатын жоготпогонго аракет кыл!
02.11.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хи-хи-хи. Эмне, бияктан табышып уйлонуп жашап жаткандардын жашоосу эмне экен? Созсуз эле кышында жылуу жакка алып барып сынайт бекен. Ой шумдуу-ук, кичине жерге тушчу жигит! Анан кыздардын жанында 1 карыш болсо да ойдороок болчу, сенин айтканынды аял ушак дейт, ич-ара эркектер аялдардан ашкан ушакчы дешет, бирок сен коомчулук алдына озунду басып койдун. За это тебя перестанут уважать.
SUPER.KG видео
30.11.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daiyrchik ha ha go... molodes shaiyr ekensin.... birok Kaiyrkul jonundo aitpai ele koison bolmok sen erkeksinda......
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: