9 АЙДА 296 ЖОЛ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

Ысык-Көл аймагында 9 ай ичинде 296 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 93 адам каза болуп, 521и ар кандай жаракаттарды алган. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында 70 жол кырсыгы катталып, 14 өспүрүм дүйнө менен кош айтышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. «
Былтыркы жылга караганда быйыл жол кырсыгы көп катталды. Жол кырсыгынын негизги себеби – айдоочулар мас абалында айдашат. Бул үчүн катуу чара колдонуу зарыл. Биринчи жолу жол эрежесин бузуп катталган айдоочуга айып салынат, экинчи жолку чара сот ишине жеткирип, акчалай айып салынат. Үчүнчү жолу жол эрежесин бузса, 3 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратуу болот» деп кошумчалады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0