
Ысык-Көл облусунан 187 адам 7-октябрда ажылык сапарга аттанган. 16-октябрда Мекке шаарында зыяратчылардын бири, Каракол шаарынын тургуну, 60 жаштагы Гүлай Сагымбаева жол кырсыгына кабылып, каза болду. Ошондой эле Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылынын тургуну Акимказы Касымалиев боору шишип көз жумган. Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү муфтият жана мамлекеттер аралык чечимдин негизинде, туугандарынын макулдугу менен Меккеде жерге берилди. Алардын жакындары 18-октябрда маркумдарга багыштап жыт чыгарып, куран окутушту. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков билдирди.