Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
ӨРТ КЫРСЫКТАРЫ КӨП КАТТАЛУУДА
№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
Нарында аба ырайынын төмөндөшү менен көпчүлүк жарандар турак үйлөрдө электр жылыткычтарын колдоно башташты. Кээде өрт коопсуздугу сакталбай, өрттүн келип чыгышына себеп болууда. Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүнүн Самансур көчөсүндөгү №42-үйдүн тургуну нан бышыргычты үй жылытуу максатында электр булагына туташтырып коюп кароосуз калтыргандыктан, өрт келип чыккан. Натыйжада үйдүн ээси материалдык чыгымга учураган.
Ушундай кырсык Нарын шаарындагы Мырзабеков көчөсүнүн №12-үйүндө да катталган. Электр зымынын кыска чыңалуусунан өрт чыгып, 47 100 сомдук материалдык чыгымга алып келген. 16-октябрь күнү Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылынын С.Өмүралиев көчөсүндөгү №12-үйдүн короосунда жыйылып турган 7 машина чөп өрттөнүп кеткен.
Нарын облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү жашоочуларга кыш ичи мына ушундай өрт кырсыктарынан сак болууну жана коопсуздук эрежелерин сактай жүрүүнү эскертет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0