
Ички иштер министрлигинен Чүй облусунда болуп өткөн оор кылмыштын бети ачылгандыгы кабарланды. Маалыматка ылайык, октябрдын башында Кордайда жашаган Казакстандын жараны 1994-жылкы Р.С. үйүнөн чыгып кетип, кайра кайткан эмес. Ал Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы туугандарыныкына келип, кылмыштын очогу ошол жерде эки жаш баланын майда чатагынан башталган. Кийин ал мушташка айланып, Д.З. каршылашын катуу нерсе менен бир нече жолу моюнга уруп өлтүргөн. Кылмышты жашыруу үчүн маркумдун сөөгү Чоң Чүй каналына ыргытылып, 14-октябрда Новопокровка айылына жакын жерден табылган. Учурда Ысык-Ата районунун ИИБи тарабынан бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат, айыпталуучу камакка алынды.