КУБАТБЕК КОЖОНАЛИЕВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ...
№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

- 22-октябрда Бишкек шаардык соту депутат САДЫР ЖАПАРОВду 2 айга камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.
- Кыргызстан «Токтогул» суу сактагычында сууну үнөмдөө максатында ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЭКСПОРТТООНУ ТОКТОТТУ.
- 22-октябрда Ош-Бишкек жолунда кичиавтобус менен КамАЗ кагылышып, 5 АДАМ КАЗА ТАПТЫ.
3-октябрдагы баш аламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталып камалган мурдагы аскер прокурору КУБАТБЕК КОЖОНАЛИЕВ ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
- 2013-жыл КМШда Экологиялык МАДАНИЯТ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО жылы болуп жарыяланат.
- Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 26-октябрда Айт намазга туулган айылы Арашандагы мечитке барарын Диний башкармалык кабарлады.
- 24-октябрда Улуттук көркөм сүрөт-искусство музейинде Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл сүрөтчүсү ГАПАР АЙТИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА арналган көргөзмө ачылды.
ЖКда «Ата Журт» фракциясынын убактылуу лидери болуп МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ шайланды.
- Бишкекте «АМАН БАНКТАН» 800 МИҢ ДОЛЛАР уурдап кеткен банк кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
- Прокуратура мурдагы министр РАВШАН САБИРОВду 15 жылга, ал эми анын жардамчысы ТАХИР МИРЗАХМЕДОВду 14 жылга эркинен ажыратууну суранды.
- 2-ноябрда 12 АЛТЫН КЕНИНЕ лицензия берүү боюнча аукцион өтөт.
- «Манас» аэропортунда 8 КИЛОГРАММ ГЕРОИН алып бараткан Беларусь жараны кармалды.
- Президент Алмазбек Атамбаев жоюлган МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫНЫН согуштук туусун жокко чыгаруу боюнча жарлыкка кол койду.
Самат Баялы
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0