Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Супер-Инфо / Крим-инфо

КАЙНАТАСЫН ӨЛТҮРҮП, ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТАГАН АДАМ КАРМАЛДЫ

№522 2-Ноябрь-8-Ноябрь, 2012-ж


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 53 жаштагы тургуну К.М. «өз кызын зордуктап, кайнатасын өлтүргөн» деген айыптоо менен кармалды. Тергөө маалыматтарына ылайык, ал 2006-жылдын июль айында 75 жаштагы кайнатасы менен уруша кетип, муунтуп өлтүрүп койгон. Кылмышын жабуу максатында өлүктү Тентек-Сай дарыясынын жээгине көмүп салган. 75 жаштагы абышканын сөөгү 2006-жылдын күз айларында аймактын тургундары тарабынан табылып, бирок сөөк таанылгыс болуп бузулуп кеткендиктен, маркумдун өздүгү такталбай калган. Бул окуядан соң кылмышка шектүү К.М. Орусияга кетип калып, ал жакта 3 жылдай жашап, 2010-жылы аялы каза болгондо кайтып келген.
Ошондой эле ал 2011-жылдын октябрь айында өз үйүндө 19 жаштагы кызын зордуктап, андан кийин да зордуктоону улантып келгени ачыкка чыкты. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү күнөөсүн моюнга алды.
2012-жылдын 24-октябрь күнү Базар-Коргон райондук Ички иштер бөлүмүнө жабыркаган кыз атасы анын эркине каршы жыныстык катнашта болуп жүргөнү тууралуу арыз менен кайрылган.



SQLSTATE[08004] [1040] Too many connections Fatal error: Call to a member function prepare() on a non-object in /var/www/super.kg/module/article/model.article.php on line 632